Атайын, аскердик же ардак наамынан, класстык ченинен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АТАЙЫН, АСКЕРДИК ЖЕ АРДАК НААМЫНАН, КЛАССТЫК ЧЕНИНЕН ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРЫНАН АЖЫРАТУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жазалоонун бир түрү (кошумча чара катары гана). Оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн жазалоодо сот (күнөкөрдүн кертбашын эске алуу менен) аны атайын, аскердик же ардактуу наамдан, класстык ченден, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратышы мүмкүн.